Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6-отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/4
№31 Ж.Бубаев атындагы орто мектебинин айланасындагы коопсуздукту жараткан 17 түп теректерди кыйдырууга уруксат берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз 6-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №31 Ж.Бубаев атындагы орто мектебинин айланасындагы коопсуздукту жараткан 17 түп теректерди кыйдырууга уруксат берилсин жана жогорудагы теректерди кыйып алууга уруксат катын Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |