Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6-отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/5
Алымбек датка көчөсүнүн тургуну Г.Садыкованын үйүнүн фундаментине жана жолго зыян келтирген 2 түп теректи кыйдырууга уруксат берүү боюнча арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз 6-отуруму, Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алымбек датка көчөсүнүн тургуну Г.Садыковадан үйүнүн фундаментине жана көчөдөгү жолго зыян келтирген 2 түп теректи кыйдырууга уруксат берилсин жана жогорудагы теректерди кыйып алууга уруксат катын Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |