Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6-отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/6
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз 6-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Кадырованын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин 2024-жылдын 17.12. №01-25//42 буйругун жетекчиликке алып, Аксакалдар сотунун уюштуруу-укуктук негиздери жана алардын иштери боюнча Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Аксакалдар сотунун регламенти айылдык кеңеш тарабынан бекитүүлүсү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттиктин 2024-жылдын 17.12. №01-25/42 буйругуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламенти Жобого ылайык бекитилип берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына жана КААБ мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |