Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025 жылдын 25-марты ПЖ № 100
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныктоо жөнүндө
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аны иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча функцияларды жүктөө менен коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөрдү ишке ашырат деп белгиленсин:
– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруу-укуктук чараларды көрөт;
– коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жана отчетторду сурайт, жумушчу топторду түзөт, жолугушууларды жана кеңешмелерди чакырат (өткөрөт), мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда сунуштарды берет жана методикалык жардам көрсөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына, сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |