Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 1
Кара-Суу РЭТине калкты тейлөө борборун куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнѳн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн эски имаратынын пайдалануусундагы 5-04-12-1001-0181 кодундагы 1782,60 м.кв жер аянтынан 600,6 м.кв жер аянты (код; 5-04-12-1001-2069) Кара-Суу РЭТинин калкты тейлѳѳ борборун куруу үчүн Кара-Суу РЭТине ажыратылып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул контурдагы жер аянты айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде каттодо калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |
йк