Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 2
Курбан-Кара айылына 120 орундуу бала бакча ачууга макулдук берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн
34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Курбан-Кара айылында жайгашкан Н.Исанов атындагы орто мектебинин эски имаратынын пайдалануусундагы 5-04-12-1004-0247 кодундагы 8292,75 м.кв жер аянтын, ошол эле Курбан-Кара айылынын бала бакчасына бɵлүнүп пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин .
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл аймагынын айылдык кеңештин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |