Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 3
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бош калдык акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ. ”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3-главасынын 13-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн 2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча 5 млн 881 мин 676 сом, атайын эсептеги 61,200 сом Сары-Колот айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн 2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча 2 млн 668 мин 200 сом , атайын эсептеги 14,200 сом бош калдык акча каражаты бѳлүштүрүлсүн.
2. Сары-Колот айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгү 33320,5 миң сомго, ал эми чыгаша бѳлүгү 30638,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |