Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 4
“Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн ортосунда түзүлгɵн келишимди бекитүү жɵнүндɵ”
Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн алдындагы калкты жана Жарандык актыларды каттоо Департаменти жана Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн ортосунда түзүлгɵн келишимди бекитип берүү жɵнүндɵгү сунуш айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан угулуп, бул маселе алар тарабынан кеңири талкууланып, сунушта киргизилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-декабрында “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен Жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трасфереттердин кɵлɵмүн эсептɵɵнүн убактылуу медодикасын бекитүү жɵнүндɵ” №715 токтомуна ылайык, жергиликтүү ɵзүн ɵзү башкаруу органдарына ɵткɵрүлүп берилүүчү тɵмɵндɵгү ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде өткөрүп алуга мүмкүнчүлүк бардыгын жана сиздер тараптан жɵнɵтүлүүчү келишимди бекитүүгɵ даяр экендигин билдирилип Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн алдындагы калкты жана Жарандык актыларды каттоо Департаменти жана Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн ортосунда түзүлгɵн келишимге макулдук берилсин.
2. Айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы (Г.Атамбиева)- келишимдин 4,2 жана 6,4 беренелеринде кɵрсɵтүлгɵн шарттарга ылайык ВУС инспекторун материалдык жана финансылык жактан колдоону камсыз кылсын.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисти жумуштан бошоту жана кошумча милдеттерди жүктɵɵ укугу айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына берилсин.
4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментине жɵнɵтүлсүн.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |