Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №45
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Комсомол айылындагы №14 бала бакчанын милдетин аткаруучу А.Шаршееванын арызы боюнча, №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга макулдук берүү боюнчаАк-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушун угуп,талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы №14 бала бакча жаӊы ачылып жаткандыгына байланыштуу, тиешелүү чечимдерди чыгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага С. Эркинбек уулу