Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-апрели № 203
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте жойсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 657 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтому Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр Кей Джи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишин токтотуу мамлекеттик каттоодон өткөн датадан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |