Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 8
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участогун бекитүү үчүн туруктуу жер комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 Мыйзамынын 8-9 беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобонун 31- беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы калктуу конуштардагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн укук белгилөөчү документтери жок жер участогун бекитүү тууралуу туруктуу жер комиссиясы түзүлсүн
1.1 Комиссиянын тѳрагасы – Эшиев Эркин -орун басар- жооптуу катчы
1.2 Комиссиянын катчысы - Токтомамат уулу Асан- Башкы адис
Комиссиянын мүчѳлѳрү:
1.3 Реджапов Зайнабидин - Жер маселелери боюнча башкы адиси
1.4 Ураимов Сайфудин – Жер ресурстары боюнча жетектѳѳчү адис
1.5 Адашов Алмазбек Убайдулаевич Жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдугунун негизинде)
1.6 Айыл башчылар
1.7 Жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. ( И.Сансызбаев )
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. ( А.Адашов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |