Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №48
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу
Ала-Баш айылындагы орто оӊдоо иштери каралгандыктан 3 чакырым аралыкка кум-шагыл аралашмасын тѳшѳѳгѳ карьер кылуу үчүн жер аянтын бѳлүп берүүгѳ уруксаат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын филиалы №33 жол тейлѳѳ ишканасынын катынын негизинде Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” №123 мыйзамынын 27-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” мыйзамынын жана 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 18-19-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп,талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылындагы орто оӊдоо иштери каралгандыктан 3 чакырым аралыкка кум-шагыл аралашмасын тѳшѳѳгѳкарьер уюштуруу үчүн уруксаат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага С. Эркинбек уулу