Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №49
Ак-Терек айыл аймагынын мал башына алынуучу жайыт акысынын тарифтери, сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга (штраф) айып пулдун суммасы, чабандарга тѳлѳнүүчү
мал акылары жана кѳчүп келүү, кѳчүп кетүү убактысы жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын мал башына алынуучу жайыт акысынын тарифтери, сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга (штраф) айып пулдун суммасы, чабандарга тѳлѳнүүчү мал акылары жана кѳчүп келүү, кѳчүп кетүү убактысынбекитүү боюнчаАк-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсү угулуп, талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын малчыларга мал кошуунун баалары тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин:
- Жакынкы жайытка кой – 80 (сексен) сом;
- Жакынкы жайытка бодо мал – 500 (беш жүз) сом;
- Сырткы жайытка кой – 80 (сексен) сом;
- Сырткы жайытка бодо мал – 500 (беш жүз) сом;
- Жакынкы жайытка эчки – 100 (жүз) сом;
- Сырткы жайытка эчки – 100 (жүз) сом.
2. Ак-Терек айыл аймагынын жакынкы жайытка кѳчүп кетүү күнү 1-июнь жана жакынкы жайытка кѳчүп келүү күнү 10-сентябрь белгиленсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын алыскы жайытка кѳчүп кетүү күнү 10-июнь жана алыскы жайытка кѳчүп келүү күнү 20-сентябрь белгиленсин.
1. Ак-Терек айыл аймагындагы сырттан эрте кѳчүп келген чабандарга (штраф) айып пулдун суммасы 50 000 (элүү миң) сом болуп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Айтказы уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу