Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №50
Ак-Терек айыл аймагынын жазгы айдап себүүгѳ болгон техникалардын акыларын бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын маалыматын угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жазгы айдап себүүгѳ болгон техникалардын акыларын бекитүү максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жазгы айдап себүүгѳ болгон техникалардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин
- Айдоо – 1500 сом, майы – 25 литр;
- Мала – 600 сом, 10 – литр;
- Себүү – 900 сом, майы 10 литр;
- Арык тартуу -150 сом, майы 3 литр
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу