Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №51
Ак-Терек айыл аймагынын жайыт акыларын төлөө жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жайыт акыларын бекитүү максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагында жайыт акысы үчүн төлөм төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- майда мал жандыктар ар бир башына (кой, эчки) - 20 (жыйырма) сом;
- бодо малдарга (уй, жылкы) – 60 (алтымыш) сом;
- топоз - 400 (тѳрт жүз) сом;
- башка аймактан алынып келип багылган бодо малдарга (уй, жылкы)-120 (жүз жыйырма) сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу