Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлу № 10/2
Мониторинг комиссиясын түзүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл аймагы боюнча ар кандай долбоорлор менен ишке ашырылуучу курулуш, имараттарды капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелери боюнча иш башталгандан баштап, аяктаганга чейин иштин жүрүшүнө жана аткарылган жумуштардын сапаттуу бүткөрүлүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүп туруу үчүн мониторинг комиссиясын түзүү жөнүндө депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенешинин V-кезексиз сессиясы, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагында ар кандай долбоорлор менен ишке ашырылуучу курулуш, имараттарды капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелери боюнча иш башталгандан баштап, аяктаганга чейин иштин жүрүшүнө жана аткарылган жумуштардын сапаттуу бүткөрүлүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүп туруу үчүн төмөндөгүдөй курамдан турган мониторинг комиссиясы түзүлсүн:
1) М.Акматалиева – Айылдык кенештин төрайымы, мониторинг комиссиясынын төрайымы;
2) М.Мамыткожоев – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, мониторинг комиссиясынын мүчөсү;
3) А.Молдокадыров – айылдык кенештин депутаты, мониторинг комиссиясынын мүчөсү;
4) Эсенбек уулу Азим – айылдык кенештин депутаты, мониторинг комиссиясынын мүчөсү;
5) Жайлообек уулу Чыныбек - жаштар уюмунун мүчөсү, мониторинг комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
6) Дайырбек уулу Самат - жаштар уюмунун мүчөсү, мониторинг комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
7) Шергазы уулу Байжан - жаштар уюмунун мүчөсү, мониторинг комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: | М. Акматалиева |