Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 10
Кыш-Абад айылында 2024-2025-окуу жылында “Келечек үчүн билим” долбоордун алкагында ачылган кыска мɵɵнɵттүү (3 сааттык) 50 орундуу бала бакчага, ата-энелердин арызынын негизинде (10 сааттык) бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн
34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы айыл ɵкмɵтүнүн Кыш-Абад айылында 2024-2025-окуу жылында “Келечек үчүн билим” долбоордун алкагында ачылган кыска мɵɵнɵттүү (3 сааттык) 50 орундуу бала бакчага, ата-энелердин арызынын негизинде (10 сааттык) бала бакча кылып ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык кеңештин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |