Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №53
Мамлекеттик Лизинг компаниясы ачык акционердик коому менен иш алып баруу үчүн
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ 1 (бир) даана Экскаватор жана 1 (бир) даана жүк ташуучу Хово автоунаасын алууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 08.04.2024-ж. №137 Тескемисине ылайык түзүлгѳн мамлекеттик Лизинг компаниясы ачык акционердик коому менен иш алып баруу үчүн Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ 1 (бир) даана Экскаватор жана 1 (бир) даана жүк ташуучу Хово автоунаасын алуу боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 08.04.2024-ж. №137 Тескемисине ылайык түзүлгѳн мамлекеттик Лизинг компаниясы ачык акционердик коому менен иш алып баруу үчүн Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ 1 (бир) даана Экскаватор жана 1 (бир) даана жүк ташуучу Хово автоунаасын алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу