Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-апрели № 75
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр ", жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 3 жана 4-пункттарда "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым" жана "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктта "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6, 8 жана 10-пункттарда "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 22-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "жана калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр ", жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 26-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 3-бөлүктө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымдын" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 29-беренеде:
а) 3-бөлүктө "калктуу пункттардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "калктуу пункттардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 32-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.";
8) 39-берененин 2-бөлүгүндө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымды" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 44-главанын аталышында "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 122-124-беренелерде "Бузуулар" жана "бузуулар" деген сөздөр "Укук бузуулар" жана "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 128-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"128-берене. Ставка
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр кыйыр салыктарды эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон пайдалуу кендерди сатуудан же пайдалуу кендерди кайра иштеткенге чейинки өздүк наркынан алынган пайданын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-глава менен толукталсын:
"34-1-глава. Салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
325-1-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун жоктугу же берилбеши
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү кармоо үчүн жыйымдарды эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу отчеттордун, эсептөөлөрдүн жана башка документтердин жоктугу, бурмаланышы же болбосо аларды белгиленген мөөнөттө бербөө -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
325-2-берене. Салыктык эмес кирешелерди белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюу
Салыктык эмес кирешелерди белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 470-берене "318-323" деген цифралардан кийин ", 325-1, 325-2" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |