Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

 

2025-жылдын  4-апрели №6-3

 

Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти

муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

                                                                                        

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин  негизинде коомдук транспорт системасын жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:   

                    

1.     Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин;

 

2.     Муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тиешелүү укуктук жана уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын;

 

3.     Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

                                                                                        

 

 

  Төрага

У. Мелис уулу