Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №57
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын Комсомол айылындагы участкасынан 0,50 сот. жер аянтын таштанды таштоочу жай (полигон) куруу боюнча “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы участкасынан №257 контурунан 0,50 сот. жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын
реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү
кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча
туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу