Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-августу № 12/2
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган дан өсүмдүктөрүн жыйноочу «Нива-эффект» маркасындагы 2 комбайнды жеке адамдарга келишимдин негизинде 2022- жылдын оруу жыйноо мөөнөтү аяктаганга чейин берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенешинин VII-кезексиз сессиясы, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги дан өсүмдүктөрүн жыйноочу “Нива-эффект” маркасындагы 2 комбайнды, дан жыйноо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу, аткарган жумушуна жараша түшкөн пайданын 30% комбайнды арендага алган адамга берүү, ал эми 70% айыл өкмөтүнүн банктагы атайын эсебине төгүү менен келишимдин негизинде 2022- жылдын оруу жыйноо мөөнөтү аяктаганга чейин арендага берүүгө уруксаат берилсин.
2. Комбайндарды жеке адамдарга арендага берүүдө эки тараптуу келишим түзүлсүн жана келишимге эки тараптын укуктары жана милдеттери, форс-мажордук жагдайлар, комбайндарды колдонуу жана көзөмөлдүккө алуу шарттары камтылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |