Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 11
Жер участокторунун аянтын бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 8-9 беренелерине таянып Калктуу конуштардагы укук белгилѳѳчү документтери жок жер участокторунун аянтын бекитип берүү боюнча Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жѳнгѳ салуу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 8-9 беренелерине таянып Калктуу конуштардагы укук белгилѳѳчү документтери жок жер участокторунун аянтын бекитип берүү боюнча токтомунун негизиде Отуз-Адыр айыл аймагындагы курулушту башкы пландарынын жана схемаларынын жоктугуна же курулуштун башкы планында жана схемаларында жер участогунун жок экендигине берилген жер участокторунун аянты 0,16 сотыхка чейин болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл аймагынын айылдык кеңештин жер жана агрардык мамилелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |
йк