Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 10-майы № 12
Зымырык айылындагы жабык кичи футбол аянтчасын мектеп убактысынан кийин пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн
34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зымырык айылындагы №12 Отуз-Адыр орто мектебинин аянтында жайгашкан жабык кичи футбол аянтчасына жаштардын зордук зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу жана биримдикке чакыруу боюнча мектеп убактысынан кийин кечки саат 19:00 дѳн 24 :00 го чейин жай мезгилине, кыш мезгилинде 19:00дѳн 23:00 гѳ чейин коомдук тартипти бузбай туура пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин спорт боюнча туруктуу комиссиянын тɵрагасына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |
йк