Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 1
Жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүк
жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ
Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Ак-Жар участкасынын № 326,343,344 контурларында жайгашкан 4,50 га жайыт жерлерин ѳндүрүштүк багытта пайдалануу максатында,”Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 01-8/5-04-12/192 чыгыш саны менен берилген корутундусунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасындагы № 348, 272, 341, 344, 346, 282 жана 349 контурларда жайгашкан жайыт жерлери категориясындагы жалпы аянты 25,0 га жер аянтын ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин
негизинде 25,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн,
транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |