Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 2
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы көчөлөргө татыктуу инсандардын аттарын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-статьясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дѳбѳ айылындагы аталышы жок кѳчѳсүнүн аталышы өзгѳртүлүп, ал кѳчөгө Турдуматов Кадыр атындагы кѳчө деген аталыш ыйгарылсын.
2. Зымырык калктуу конушундагы аталышы жок кѳчѳгѳ Балтабаев Моңолбай ата атындагы көчө деген аталыш ыйгарылсын.
3. Зымырык калктуу конушундагы аталышы жок көчѳгө Маматов Бакал атындагы көчө деген аталыш ыйгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (И.Сансызбаев)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Абдулажан уулу Канат)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |