Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 3
Айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдаланууга коюлган баштапкы салык нарктары жѳнүндѳ
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –акимдин биринчи орун басары У.А.Батыровдун 2024-жылдын 26-мартындагы “Жергиликтүү кирешелердин кѳлѳмүн эки эсеге чейин кѳбѳйтүү боюнча чараларды кѳрүү жѳнүндѳ” жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен ѳткѳрүлгѳн жумушчу кеңешмесинин 09.04.2024-жылдагы № 02-13 протоколунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындаы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин кѳбѳйтүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине төлөнүүчү ижара акы төмөндөгүдөй бекитилсин;
а) 1 га сугат жерине - 10000 сомдон;
б) 1 га кайрак жерине -500сомдон;
в) 1 га көп жылдык мөмөлүү дарактарга 1-5-жылга 5000 сомдон;
6-10-жылга 10000 сомдон;
2. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлер (КБФ жана үлүш) үчүн жер салыгы төмөндөгүдөй бекитилсин;
а) 1 га сугат жерине -700 сомдон;
б) 1 га көп жылдык бак-дарактарга -700 сомдон;
в) 1 га кайрак жерге -300 сомдон;
г) 0,01 га короо жана багбанчылык жер участоктору үчүн – 15 сомдон;
3. Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы айыл чарбасына жараксыз жер үчүн жалпы зоналдык коэффицент (Кз) 1,5 %га көбөйтүлсүн.
4. Отуз-Адыр айыл аймагындагы жайыт жерлер үчүн
-жер салыгы - 15 сомдон
- жер кыртышына карап 1 га жайыт жеринин ижара акысы 500 сомдон 1000сомго чейин бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмɵтүнɵ жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |