Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 4
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ кошумча штаттык бирдиктер жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомуна ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн ирилештирилген айылдарында контрактык негизде 8 штаттык бирдикте айыл башчылары 2024-жылдын апрель айынан баштап 26430 (жыйырма алты миң тѳрт жүз отуз) сом эмгек акысы, анын ичинен: соц.фонд 10% пайыз 2643 сом, киреше салыгы (подоходный налог) 2314 сом 17,25% пайыз-4559 сом, колго алуу акчасы 21473 сом, №52 токтомдун 4-главасынын негизинде кошумча келишимдин негизинде 13 айыл башчы штаттык бирдикте ар ай сайын эмгек акысы эсептелгени 28120 (жыйырма сегиз миң бир жүз жыйырма) сом анын ичинен соц.фонд 10% пайыз 2812 сом, киреше салыгы (подоходный налог) 2466 17,25% пайыз-4850 сом, колго алуу акчасы 22842 сом ѳлчѳмдѳ бекитип берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (И.Сансызбаев)
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |