Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 6
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин социалдык жана өндүрүштүк максатта пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектилерди куруу үчүн “Айыл чарба жерлери” категориясындагы жерлерди “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу жөнүдө” мыйзамынын 1-главасынын3-беренесине жана Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбан-Кара айылындагы № 1147 а контурундагы 2,20 га жер аянты айыл чарба багытынан соц.обьектиге (мектеп куруу үчүн) ѳткѳрүп берилсин
2. Ак-Колот айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га жер аянты мектеп куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерди (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Кожом-Бак айылындагы № 1060 контурундагы айгашкан 0,08 га жер аянты кичи футбол аянтчасын куруу үчүн муниципалдык менчикке алынсын
4. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кара-Суу районунун мамлекеттик админстрациясына сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |