Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 9
Отуз-Адыр айыл аймагынынын Курбан-Кара айылындагы “Тажибай ата “бала бакчасына кошумча тайпа кошуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынынын Курбан-Кара айылындагы “Тажибай ата “бала бакчасына кошумча тайпа кошу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-2025 жаңы окуу жылына карата 2024-жылдын 1-июнунан 1 тайпа (30 бала) ачылсын. Тамак –ашына бериле турган суммага 30 балага кошуп, жалпы баланын саны 120 балага берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (И.Сансызбаев)
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |