Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 12
Кара-Дөбө айылындагы № 9 Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин алдында, 1-класстан 4-класска чейин орус тилдүү классын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дөбө айылындагы № 9 Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин алдында, 1-класстан 4-класска чейин орус тилдүү классын ачууга макулдук берилсин.
2. Кара-Дөбө айылындагы № 9 Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин алдында, 1-класстан 4-класска чейин орус тилдүү классын керектүү кадр менен камсыздоо жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (И.Сансызбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( Абдулажан у К)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |