Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 16
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн маданият үйүнѳ элдик музей ачуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн маданият үйүнɵ, айыл аймактагы атактуу наамы бар, ардагер атуулдар үчүн элдик музей ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (И.Сансызбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.( Абдулажан у К)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |