Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 18
“Отуз-Адыр –Тазалык” муниципалдык ишканасынын Типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындаы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдыча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Отуз-Адыр -Тазалык” муниципалдык ишканасынын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн Типтүү Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бекитилген Уставка ылайык иш алып баруу “Отуз-Адыр -Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине жүктѳлсүн.
3. Түзүлгѳн “Отуз-Адыр –Тазалык “ муниципалдык ишканасы ѳзүнүн иш аракеттерин жүргүзүү үчүн калктан, мекеме-уюмдардан жана коммерциялык структуралардан тумуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тѳмѳндѳгүдѳй тарифтер бекитилсин;
3.1. Жеке менчик үйлѳрдѳн чыккан таштандылардын айына 150 сомдон 5 капка чейин;
3.2. Мекеме уюмдардан жана коммерциялык структуралардан , чарба субьектилеринен турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга ар бир айлык тарифи биринчи тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн;
4. Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан спорт аянтчасында, клубдарда жана башка ушул сыяктуу аянтчаларда элдин катышуусунда ѳткѳрүлүүчү ар кандай жыйындардан, иш-чаралардан кийин таштандыларды тазалоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден башка иш чараны ѳткѳргѳн жеке жана юридикалык жактардан алынуучу тариф 10 куб метрине чейин 5500 сом;
5. Сары-Колот таштанды таштоочу жайга алып кирилген таштандылар үчүн
5.1. Хова Шахман авто унаалар үчү 2000 сомдон;
5.2 Камаз мусоровоз (Камаз, Мусоровоз, Зил, Газ 53) авто унаалар үчүн 1500 сомдон;
5.3. Портер авто унаалар үчүн 500 сомдон;
5. 4. Лабо авто унаалар үчүн 300 сомдон
6. Каралган тарифтер боюнча айыл аймагындагы ар бир кожолук жана ишкана жетекчилери менен келишим түзүү жагы ” Отуз-Адыр -Тазалык “ муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн
8. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук жана административдик иштер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |