Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 19
“Отуз-Адыр –Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык курамын жана эмгек акысын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынынын “Отуз-Адыр–Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык курамын жана эмгек акысын бекитүү үчүн Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Отуз-Адыр –Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык курамы жана эмгек акысын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Ишкананын мүчѳлѳрүнүн эмгек акысы “Отуз-Адыр-Тазалык“ муниципалдык ишканасы тарабынан топтогон каражатынын эсебинен 9 штаттык бирдикке тѳлѳөгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (И.Сансызбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |