Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 18-июну № 20
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы көчөгө татыктуу инсандын атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-статьясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Тынчтык айылынын аталышы жок кѳчѳгѳ Муратов Ганыжан атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
2. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Тынчтык айылынын 3-кѳчѳсүнѳ Солпуев Калыкберди атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (И.Сансызбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Абдулажан уулу Канат)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |