Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-июну № 21

 

Эски мектептин имаратынын ордуна бала бакча куруу үчүн 0,40 га жер аянтын бɵлүп берүү жɵнүндɵ

 

 

КРдин Жер Кодексинин 13-статьясынын жана КРдин “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2,3,5 статьяларына ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Сары-Колот айылындагы № 95 К.Жантошов орто мектебине тиешелүү болгон эски мектептин имаратынын ордуна бала бакча куруу үчүн 0,40 га жер аянты бɵлүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (И.Сансызбаев)

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Абдулажан уулу Канат)

 

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин

тɵрагасы

 

А.Мурзаев