Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 1
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарындагы көчөлөргө татыктуу инсандардын аттарын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жɵнүндɵгү” мыйзамынын 7-беренсин негиз кылып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы кѳчѳлѳргѳ тѳмѳнкү инсандардын ысмы ыйгарылсын.
1.1.Зымырык айылынын Кайрат кѳчѳсүнѳ Алиханов Мамазариптин ысымы ыйгарылсын..
1.2.Зымырык айылынын ѳнүгүү кѳчѳсүнѳ Рахманов Турсунбайдын ысмы ыйгарылсын.
1.3.Ынтымак айылынын Достук кѳчѳсүнѳ Татиев Бегматтин ысмы ыйгарылсын.
1.4.Курбан-Кара-айылынын негизги кѳчѳсүнѳ Нышанов Мамасадыктын ысмы ыйгарылсын.
1.5. Кожомбак айылынын кичи Батыш кѳчѳсүнѳ Маматов Далибайдын ысмы ыйгарылсын.
1.6.Зымырык айылынын жаңы кѳчѳсүнѳ Токсонбаев Тѳлѳн Зикирбаевичтин ысмы ыйгарылсын.
1.7.Курбан –Кара айылынын аталышы жок кѳчѳсүнѳ Мамытов Гапыржан Жалиловичтин ысмы ыйгарылсын.
1.8.Курбан-Кара айылынын тургуну.Сатыбаев Маматкул УАМСтун катышуучусу ѳзүнүн жашаган кѳчѳсүнѳ ысмы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Уразова)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |