Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 5
Жайыт ресустарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, жакынкы жайыт жерлерин убактылуу коммерциалык багытка ижара акысын карап берүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалану үчүн 4*5=20кв/м ижара акысы 1 жылга 4,0 миң сомдон келишимдин негизинде берүүгɵ макулдук берилсин.
2. Жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалану 2,5*4=10кв/м ижара акысы 1 жылга 2,0 миң сомдон келишимдин негизинде берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| А.Мурзаев |