Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 18-августу № 13/2
Нарын облустук «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун сунушун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенешинин VI-кезектеги сессиясы, токтом кылат:
1. Жаӊы-Арык айыл аймагындагы Балдардын күрөш залынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана Р.Солтонбеков атындагы орто мектебине кичи футболдук талаа куруу боюнча долбоорлору социалдык долбоор катары Нарын облустук «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунушталсын;
2. Долбоорлорду өткөрүүдө смета түздүрүү, архитектура тарабынан даярдалуучу иш кагаздарын даярдоодо керектелүүчү акча каражаттары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каралып, чечилип берилсин;
3. Бул долбоорлордун сметалык жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, Нарын облустук «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна тапшыруу жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын;
Төрайым: | М. Акматалиева |