Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-апрели № 74
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 61 жана 62-пункттар менен толукталсын:
"61) санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) боюнча өзгөчө укукка ээ жана аны чыгаруу жана жүгүртүү тартибин белгилейт;
62) санарип сомдун платформасын уюштурат жана иштешин камсыз кылат жана санарип сомдун платформасынын оператору болуп саналат;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 41-глава менен толукталсын:
"41-глава. Кыргыз Республикасынын санарип сому
221-берене. Санарип сом
1. Санарип сом - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы.
2. Санарип сом атайлаштырылган платформада санарип формасында жүгүртүүгө чыгарылат.
3. Санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат.
4. Санарип сом платформасы санарип сомдун эмиссиясы (чыгаруу), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфратүзүмдү билдирет.
222-берене. Санарип сомдун эмиссиясы
1. Санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) өзгөчө укугу Улуттук банкка таандык.
2. Санарип сом Улуттук банктын айныксыз милдеттенмеси болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.
3. Санарип сомду атайлаштырылган платформадан жүгүртүүдөн алып салуу Улуттук банктын өзгөчө укугу болуп саналат.
223-берене. Санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу
Улуттук банк санарип сомду жүгүртүүнү уюштуруу максатында:
1) санарип сомду чыгарууга муктаждыкты болжолдойт;
2) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сомду сактоо, өткөрүп берүү жана коргоо тартибин жана талаптарын белгилейт;
3) банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
4) санарип сомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана аны менен алдамчылык бүтүмдөрдүн жана операциялардын алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт;
5) Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 20-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |