Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-августу № 13/2
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун аткарган ишинин маалымат угуу жана баа берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун 2022-жылдын 6 айында аткарган ишинин маалыматын угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенешинин VI-кезектеги сессиясы, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун 2022-жылдын 6 айындагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын;
2. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго төмөндөгү иштери алып баруу жагы тапшырылсын:
1) Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибин жана функционалдык милдеттерин так сактоосун, ишине болгон жоопкерчилигин күчөтүү жана ар бир берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруусун катуу көзөмөлгө алуу;
2) Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу максатында салыктык жана салыктык эмес кирешелердин чогулушу боюнча иш жүргүзүү жана айыл тургундарына өз мөөнөтүндө төлөбөсө туумдардын өсүүсү жана айып пулдардын салынуусу боюнча түшүндүрүү иштерин ыкчам жүргүзүү;
3) Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү;
4) Оруу-жыюу өнөктүгү жүрүп жаткандыктан жайыттардан малдардын корук аянттарына түшүүсүнө жол бербөө максатында элди уюштуруу менен жайыттарда малдарды кезектешип кайтарууга алуу, мал келүүчү жолдорго тосотторду уюштуруу жагын колго алуу;
5) Айыл башчылардын ишине болгон жоопкерчилигин күчөтүү;
6) Маданият үйүндөгү кызматкерлердин эмгек тартиби жана ишке болгон жоопкерчилиги боюнча иш алып баруу;
7) АРИС уюмунун каржылоосу менен курулуп жаткан купканы жайыт комитети менен бирге ишти толук аягына чыгаруу жана ишке берүү;
8) “Чет-Булак” участкасынан, айыл өкмөтүнүн имаратына чейинки Ѳмүр уулу Абик көчөсүнө коюлган түнкү шам чырактарды ишке киргизүү;
9) Жумгал райондук электр тармактар ишканасынан айыл өкмөтү кандай себептен улам карыз болгон жана электр эсептегичин коюуда 5 же 6 орундуу счетчик экендигин тастыктаган протокол барбы, эгер бар болсо ал документтердин көчүрмөлөрүн суратуу боюнча тиешелүү иш алынып барылсын;
10) Нарын облустук “Теӊир-Тоо” фондуна жана айыл аймагы боюнча көйгөйлүү болуп жаткан маселени аныктап Жумгал өнүктүрүү фондуна долбоорлорду даярдоо жана өз убагында сунуштоо;
11) Айыл аймагындагы мекемелердеги эмгек тартибинин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүп туруу максатында айылдык кенештин депуттаттарынан, айыл өкмөтүнүн аппаратынан жана айыл аймагындагы коомдук уюмдардан кошуп, буйрук менен мониторинг комиссиясын түзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |