Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-октябры № 15/2
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт» жана «Кызарт-келечеги» бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамактануусу үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн ата-энелер жыйынынын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт» жана «Кызарт-келечеги» бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамактануусу үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн ата-энелер жыйынынын токтомдорун бекитүү жөнүндө, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын бир күндүк тамактануусу үчүн төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн «Кызарт» бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 30.08.2022-жылдагы №16 протоколу, «Кызарт-келечеги» бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 20.09.2022-жылдагы №17 Токтому бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |