Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 4
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Кожомбак айылындагы айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,02га жер тилкесин Савай-Арык, Кожомбак айылдарынын тургундарына спорт зал салууга бɵлүп берүү жɵнүндɵ
КРнын Жер Кодексинин 4-статьясынын 3-пунктунун, 13- статьясынын жана КРнын “Муниципалдык менчик жɵнүндɵ” Мыйзамынын 2,3,5 статьяларына ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,02 га жер тилкеси Сава-Арык, Кожомбак айылдарынын тургундарына спорт зал салуга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Э.Эшиев)
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Аматов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |