Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 6
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жѳнүндѳ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынын ѳкүлдѳрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер боюнча келип түшкѳн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдыча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 36-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынан Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Аматова Тургунай Нурдиновна, Абдыкадырова Айжамал Эсенгелдиевна, Айтымбетова Нурзада Бектуровна, Акматова Венера Акимбековна, Джунусов Туратали Тойбекович, Нурова Бактыгүл Мукумовнанын талапкерликтерин бекитүүгө макулдук берилсин .
2. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына сунушталсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |