Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/1
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кабыл алынган бюджетинин кээ бир беренелер боюнча бөлүнгөн акча каражатын башка беренелерге жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, айыл өкмөтү тарабынан электр энергиясы үчүн карыз болгон сумманы төлөп берүү жөнүндө Т.Карымшаковдун маалыматын угуп, айылдык кенештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кабыл алынган бюджетинин беренелерге бөлүнгөн каражаттарынын ичинен, башка беренелерге төмөндөгүдөй жылдырылсын:
1) Клубга 22231100 беренеси боюнча шайыр апаларга форма тиктирүү үчүн бөлүнгөн 25000 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын;
2) АУПтун 3112 беренеси боюнча конференция залына эмерек алуу үчүн бөлүнгөн 59300 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын;
3) «Кызарт» бала бакчасынан 22122100 беренеси боюнча интернет байланышы үчүн бөлүнгөн 2000 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын;
4) «Кызарт-келечеги» бала бакчасынан 22122100 беренеси боюнча интернет байланышы үчүн бөлүнгөн 2000 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын;
5) «Кызарт-Таӊ нуру» бала бакчасынан 22122100 беренеси боюнча интернет байланышы үчүн бөлүнгөн 2000 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын;
6) АУПтун 22154900 беренеси боюнча бөлүнгөн 9700 сом акча каражаты, АУПтун 22311200 беренесине жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |