Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 8
Отуз-Адыр айыл аймагынын калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине жана Жер Кодексинин 3-главасынын 16-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Отуз-Адыр айылынын Мамасали Тешебаев кɵчɵсүнүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында асфальт тɵшɵɵгɵ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Э.Ч.Эшиев)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча жана бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |