Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/3
Айыл аймагы боюнча курулуш иштерине пайдаланууга, ички жолдорду түздөөгө ж.б. иштерге кум-шагыл алуу үчүн карьерлерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Жаӊы-Арык айыл аймагынын чегиндеги №369 контурунда жайгашкан «Жорка карьер» участкасынан эски карьердин ордунан 3 га жер аянты жана №604, №608 контурларында жайгашкан «Чет-Булак» участкасындагы эски карьердин ордунан 1 га жер аянты Жаны-Арык айыл аймагынын тургундары үчүн курулуш иштерине пайдаланууга, ички жолдорду түздөөгө ж.б. иштерге кум-шагыл алуучу карьерлер болуп белгиленсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |