Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/4
Жаны-Арык айыл аймагынын Ѳмүр уулу Абик көчөсүндөгү жаӊы курулган кичи футболдук талаага тариф бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын Ѳмүр уулу Абик көчөсүндөгү Жумгал өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп, пайдаланууга берилген кичи футболдук талаага мектеп жашындагы өспүрүмдөрдөн башка айыл тургундары футбол ойной турган болсо, саатына 200 (эки) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин;
2. Бул кичи футболдук талааны жоопкерчилик менен карап, көзөмөлдөп жана иштетип бере турчу айыл аймагынын тургунуна жоопкерчилиги белгиленип, бардык шаймандарын акт менен өткөрүп берүүгө уруксат берилсин;
3. Көзөмөлдөп жана иштетип бере турган жоопкерчиликтүү адамга, кичи футболдук талаанын ичин жана айланасын таза сактоо, таштанды салуучу урна коюу, ичиндеги дарбазаларын, темир конструкцияларды жана торлорду, түнкү жарыктандырууларды, электр өткөргүчтөрүн жана электр эсептегичин бүлүндүрбөөгө жол бербөө боюнча жоопкерчилиги эскертилип, кичи футболдук талаада оюндар аяктагандан кийин ичин жана айланасын таштандылардан тазалап туруу жана кечкисин жана оюн болбогон учурларда кулпу менен дайыма эшигин бекитүү, ай сайын пайдаланылган электр энергиясы боюнча электр эсептегичиндеги маалыматтарды айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына билдирип туруу жагы милдеттендирилсин жана акы катары алган акча каражаты дайыма көзөмөлдөп карап жана иштетип тургандыгы үчүн айлык катары алууга уруксат берилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын.
Төрайым: | М. Акматалиева |