Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/5
Жаӊы-Арык айыл аймагындагы «Кызарт -Таӊ нуру» бала бакчасынын имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө дем берүүчү грантка долбоор даярдоо жана имаратынын капиталдык ремонтуна өздүк салымды кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Жаӊы-Арык айыл аймагындагы «Кызарт-Таӊ нуру» бала бакчасынын имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө КР Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка долбоор даярдалсын жана сунушталсын;
2. «Кызарт–Таӊ нуру» бала бакчасынын имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү үчүн долбоордун өздүк салымы катары Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы үнөмдөлгөн каражатынан 531498 сом 63 тыйын которулуп берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Түгөлбековго жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |