Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 155
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
– 6-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326.”;
– 10-пункттун 2-пунктчасында:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитет;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылат;
– “Кыргызкөмүр” МИнин жылдык бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту макулдашат;
– “Кыргызкөмүр” МИнин финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат жана бекитет;
– “Кыргызкөмүр” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдайт жана мониторинг жүргүзөт;
– ведомстволук мамлекеттик ишканалардын стратегиялык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуусун камсыз кылат;”;
– 15-пунктта:
бешинчи, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, он биринчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтердин) ишине ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашат;”;
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– “Кыргызкөмүр” МИнин башкы директору кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 25 (3681) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишин регламенттейт. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги саналат.
5. Ишкананын толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде: Государственное предприятие “Кыргызкомур” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики.
Кыскартылган расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргызкөмүр” МИ;
– расмий тилде: ГП “Кыргызкомур”.
Ишкананын юридикалык дареги: 720052, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кулатов көчөсү, 24.
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валютадагы эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалдары бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
11. Ишкананын түзүмүнө “Балыкчы”, “Кара-Кече” жана “Түштүк” филиалдары кирет.
“Балыкчы” филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Озерный көчөсү, 221.
“Кара-Кече” филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы, Ак-Татыр көчөсү, н/ж.
“Түштүк” филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Навои көчөсү, 54.
12. Ишкана көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты аткаруу жаатындагы ишти жүзөгө ашырат, көмүр казуучу ишканалардын ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыздоо боюнча өндүрүштүк-чарбалык ишин координациялайт.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо боюнча көмүр казуу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо боюнча тиешелүү келишимдерди түзгөн көмүр тармагындагы ишканаларга көмөк көрсөтүү.
15. Ишкана төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөргө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
– көмүр казуучу ишканалардын көмүр казуу көлөмүн көбөйтүүгө;
– отун-энергетикалык комплексин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кендерден казып алынуучу көмүрдү пайдаланууга өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын жер казынасы, көмүр жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
– көмүр кендерин иштетүүнү;
– көмүрдү казууну, кайра иштетүүнү, сорттоону;
– концентратты жана көмүрдү кайра иштетүү продуктуларын чыгарууну;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
– бекитилген кен иштеринин жылдык планына ылайык кен казуу жана кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүнүн илимий негизделген ыкмаларынын маселелери боюнча көмүр казуучу ишканаларга методологиялык жана практикалык көмөк көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларынын көмүрдү чалгындоо, казуу, сактоо, ташуу жана сатуу, ошондой эле брикеттерди, катанкаларды жана көмүрдөн жасалган продукциянын башка түрлөрүн өндүрүү боюнча ишинде илимий негизделген, техникалык саясатты аныктоодо методологиялык жана техникалык-экономикалык көмөк көрсөтүү;
– көмүр кендерин изилдөө жана иштетүү боюнча илимий негизделген долбоорлорду даярдоодо көмүр казуучу ишканаларга көмөк көрсөтүү;
4) илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгат жана көмүр казууну коопсуз жүргүзүү боюнча көмүр казуучу ишканаларга практикалык кызматтарды көрсөтөт;
5) көмүр казууну көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларынын ортосунда капиталдык салымдарды, кайтарылуучу бюджеттик каражаттарды жана кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды түзөт жана мамлекеттик башкаруу органына киргизет, ошондой эле алардын пайдаланылышын контролдойт;
6) Кыргыз Республикасынын көмүр казуу тармагындагы келечектүү ишканаларды модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат;
7) көмүрдү казып алат жана аны Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жана анын чегинен тышкаркы жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга сатат;
8) автомобилдик транспорт менен көмүрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтөт;
9) жүктөп-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө жана көмүр продукциясын жеткирүүдө автомобиль жана темир жол транспортунун түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат.
Ишкана уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте лицензиялоого (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштин түрлөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталында катышуу үлүшү 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык чарбалык коомдор, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун типтүү тартибине ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн эмес өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга, милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
10) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
12) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) өндүрүштүк ишти жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, техникалык коопсуздуктун эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого;
9) “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объекттин иштөө тартибин, ошондой эле стратегиялык объекттерди иштетүүнүн жана эксплуатациялоонун режимине карата талаптарды камсыз кылууга.
Ишкана өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга укугу жок.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жашыруундуулукта сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын башкаруу органдары
19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставды иштеп чыгуу жана бекитүү, Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) ) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
4) үч жылдык мөөнөткө Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерди кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттер да жүктөлгөн.
5-глава. Ишкананын аткаруу органы
22. Ишкананын ишин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалган башкы директор жетектейт.
23. Ишкананын башкы директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын башкы директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишими Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча жоболорду камтууга тийиш, анын өлчөмү, тизмеги жана жол берилген маанилери өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык белгиленет.
25. Ишкананын башкы директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) Ишкананын ишинин негизги пландык көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттерди жасаганда;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын башкы директорун кызматтан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
26. Ишкананын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруу органына, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин жана өткөн жылдагы анын аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоорлорун бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн белгилөө;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органына сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
28. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин кандайдыр бир чөйрөсүнө байланышкан зарыл болгон маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын башкы директоруна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттер да жүктөлгөн.
29. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын башкы директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын башкы директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада филиалдарды тейлеген башкы директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары ишкананын жетекчисинин сунуштамасы менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
33. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын башкы директору жок болгон учурда же ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, анын милдеттерин аткаруу Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын бирине автоматтык түрдө жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш ийет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат.
36. Мамлекеттик башкаруу органы ички аудитти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
37. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет. Ишкананын башкы директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин өз алдынча аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен болгон мамилеси жарандык-укуктук келишимдердин негизинде түзүлөт.
6-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башкы директор;
2) башкы директордун орун басарлары;
3) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракет кылышы керек.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштарды, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды кылгандыгы үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан канааттандырылбаган иши үчүн мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген жана аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу бир убакта ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
7-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы бекиткен иштин жылдык планынын же 3 жылга жана андан ашык мезгилге узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
43. Ишкананын ишинин пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салган узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
44. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин ар кандай башка шарттарын аныктоодо эркин.
45. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде ушундай кызмат болсо);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына.
47. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Ишкананын иш максаттарын жана негизги багыттарын сыпаттоону;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттоосун, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнүн планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдерди талдоону.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын башкы директору мамлекеттик башкаруу органына Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
49. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн керектүү маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин текшерүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделет жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер жана продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ар кандай булактар.
55. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
57. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
58. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
Таза пайданын бир бөлүгү, бирок 50 пайыздан кем эмеси белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кошуу, бириктирүү, бөлүү, чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана мамлекеттик мекеме, чарбалык коом же 100 пайыз акциялары (үлүшү) мамлекеттик менчикте болгон ачык акционердик коом (акционерлөө) болуп кайра уюштурулушу мүмкүн.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
61. Ишкана төмөнкүдөй тартипте жоюлат:
1) уюштуруучунун демилгеси боюнча;
1) мамлекеттик башкаруу органынын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу үчүн жоюу комиссиясы түзүлөт, анын курамына жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
63. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.”
|
| 2-тиркеме |
|
| “9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын башкаруу
СХЕМАСЫ
”.